Бишкекте автобус айдаган 30 кызматкер иштен алынат

Бишкекте жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн, тагыраагы, каршы тилкеге чыгуу, тыюу салынган жол чырактардан өтүү, автобустун ичинде жүргүнчүлөрдүн кулап кетиши жана башка эреже бузган 30 айдоочу иштен алынат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, калаа башчы Айбек Жунушалиев “Бишкек шаардык транспорт” муниципалдык ишканасында автобустардын айдоочулары менен жолугушту. Анда муниципалдык коомдук транспорттун айдоочуларына жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктары жана жол эрежесин бузуулар көбөйүп жаткандыгы тууралуу эскертүү жасады.

 

Мэрия кайсы автобустардын кызматкерлери жумуштан алынарын тактаган жок.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.