Стамбулда кыргыз жараны теракт жасоого шектелип кармалды деген маалымат такталууда

Стамбулда кыргыз жараны теракт жасоого шектелип кармалды деген маалымат такталууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Министрлик Стамбул шаарында терактка даярданган деп шектелген Тажикстандын жараны менен Кыргызстандын атуулунун кармалышы боюнча Кыргызстандын ЖМКларында тараган маалыматтарга байланыштуу Кыргызстандын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте кармалган жарандын жарандык таандыктыгын аныктоо боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын билдирет.