Синоптиктер шашылыш билдирүү таратты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 9-декабрдан тарта Кыргызстанда аба ырайынын кескин өзгөрүшү күтүлөт.
Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен кар жаайт, айрым жерлерде жаан-чачын катуу болушу мүмкүн.
Абанын температурасы бир топ төмөндөп, шамалдын ылдамдыгы айрым райондордо секундасына 22 метрге чейин жетет.
Мындай аба ырайы транспорт, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.