Россияда кыргызстандык таксисттин сабалышы боюнча кылмыш иши козголду

Орусиянын Ички иштер министрлиги Москвада кыргызстандык таксисттин сабалышына байланыштуу кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Кыргызстандын Ички иштер министрлиги кабарлап, ИИМдин Орусиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарындагы полицияга жабырлануучунун арызын каттоону уюштурганын билдирди, — деп жазды «Азаттык».

 

Бул факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Москва шаарынын Басманный районунун полициясы тергөө жүргүзүүдө. Анда кыргызстандын жараны жабырлануучу катары таанылып, ага карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

 

Буга чейин Кыргызстандын Москвадагы элчилиги бул окуяга байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жөнөткөн. Мунун алдында кыргызстандык мигранттын жазган арызын полиция кабыл албай койгону кабарланган эле.

 

Таксистке кол салуу окуясы 2023-жылы 18-июнда болгон. Жабыркаган адам Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине кайрылган эмес. Социалдык тармактарга тараган видеодо машинада сыра ичүүгө болбой турганын айткан айдоочуну жүргүнчү башы-көзгө койгулап жибергенин көрүүгө болот. Видео интернетке тарап кеткенден кийин коомчулукта кызуу талкуулар жүрүп, элчиликтин кызматкерлери аны издеп таап, кабыл алган.