Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган туннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт

Жалал-Абад облусундагы Көк-Арт ашуусу аркылуу өтө турган туннелдин курулушу 1-декабрда аяктайт. Бул тууралуу Унаа жана министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, объекттин узундугу — 3 миң 890 метр, туурасы — 10,5 жана айрым участоктордун кеңдиги 14 метр.

 

Ал эми бийиктиги — 8,5 метрди түзөт. Бүгүнкү күндө туннелдеги жолго асфальт-бетон төшөө иштери жыйынтыкталууда.

 

Жарык берүүчү жана желдетүүчү турбиналарды орнотуу аяктап, электр кабелдерин орнотуунун акыркы этабы жүргүзүлүп жатат. Жакын арада жол чийиндери түшүрүлөт.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.