Баткенде тажик тараптын кол салуусунда талкаланган, өрттөлгөн үйлөр кийинки жылы жазында курулуп бүтөт

Баткенде тажик тараптын кол салуусунда талкаланган, өрттөлгөн үйлөр кийинки жылы жазында курулуп бүтөт. Бул тууралуу Мамлекеттик архитектура жана курулуш агенттигинин директору Нуртазин Жетибаев билдирди.

 

Анын айтымында, үйлөрдүн курулушун жаңы жылга чейин аяктоо пландалган. Бирок учурдагы даярдыкты эске алганда 26 гана үй бүтө турган болду, — деди чиновник.

 

Жалпысынан турак жайларды курууга 1 миллиард 400 миллион сом каралган. Эске салсак, Баткенде 420 үйдү кайрадан куруу муктаждыгы жаралган. Президент Садыр Жапаров турак-жайлар  2 айда даяр болот деп убадалаган болчу.