ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Кыргызстанга Казакстан жардам берет

ЖЭБдеги аварияга байланыштуу Кыргызстанга Казакстан жардам берет. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

 

Жаралган кырдаалдан улам Казакстан Кыргызстанга Жамбыл ГЭСи аркылуу кое берилген электр энергиясынын көлөмүн көбөйтүү чечимин кабыл алды.

 

Андан тышкары, Россия авариянын кесепетин жоюуга адистерин жөнөтсө, Түркмөнстан суютулган газ түрүндө колдоо көрсөттү.