Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө уруксат лицензия берүү тартиби күчөтүлөт

Кыргызстанда курулуш жүргүзүүгө уруксат лицензия берүү тартиби күчөтүлөт. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев билдирди.

 

Анын айтымында, учурда курулушка лицензия берүү убактылуу токтотулду. Эми акчасы, техникасы бар, чыныгы курулуш компаниялары гана лицензия ала турган тартип киргизилет.

 

Эгер уруксат кагаз алган ишкер бир жыл ичинде иш жүргүзүп, салык төкпөсө, уруксаты жокко чыгарылат. Ошондой эле ишине жоопкерчиликсиз мамиле кылган курулуш компанияларынын «кара тизмеси» түзүлүп жатат, — деди Орунтаев.