Бишкекте ыш менен күрөшүү планы талкууланды

Бишкекте ыш менен күрөшүү планы талкууланды. Алсак, мэрия бул жылы 5 жаңы конушка газ өткөрүп, бишкектиктерге Кара-Кече көмүрүн колдонууга тыюу салып, казакстандык отунга өтүүнү сунуштайт.

 

Андан тышкары, 500 даана экологиялык коомдук транспорт сатып алып, ЖЭБ-2ни калыбына келтирүү пландалууда. Ошону менен катар көп кабаттуу үйлөрдүн курулушун көзөмөлдөп, базарларды, автобекеттерди, калкты тейлөө борборлорун шаардын четине көчүрүп, борборду бошотуу сунушу дагы көтөрүлдү.