«Социалдык келишимдин» негизинде берилген 100 миң сомду 80 үй-бүлө өздөштүрө албай калды

Кыргызстанда “Социалдык келишимдин” негизинде берилген 100 миң сомду 80 үй-бүлө өздөштүрө албай калды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова билдирди.

 

Маалыматка ылайык, алар каражатты өкмөткө кайтарып беришкен жана комиссиянын чечими менен кайрадан ай сайын берилүүчү жөлөк пулду алмай болушту.

 

“Социалдык контракт” долбоорунун алкагында өлкө боюнча эки жылда аз камсыз 12 миң 800 үй-бүлө мамлекеттен 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат алган. Алар өз алдынча ишкерлик баштап, жашоо-турмушун жакшыртууга аракет кылышууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.