Нарын районунун борбордук паркын реконструкциялоо пландалууда

Нарын районунун борбордук паркын реконструкциялоо пландалууда. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, Куланак айылындагы парк көптөн бери каралбай калган.

 

Жаңы долбоорго ылайык, бассейн, сахна, балдар ойноочу аянтча, чуркоо жолу, түнкү жарыктандыруу, воркаут, шахмат аянты жана башка объекттер жайгашат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.