Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы өчүрүлөт. Ордо калаа электр тармактар ишканасынан билдиришкендей, тиешелүү иш-чаралар эртеңден тарта жүргүзүлөт.
Ыңгайсыздыктарга кабылбаш үчүн ишкана электр энергияга болгон эсеп-кысапты өз маалында жүргүзүүгө чакырат.
Карызды почта бөлүмдөрүндө кезек күтпөстөн терминалдар аркылуу төлөсө болот.