Бишкектин Токтогул көчөсүндө унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда

Бишкектин Токтогул көчөсүндө велосипедчендер үчүн атайын тилкеге ​​токтотулган унаалар массалык түрдө эвакуацияланууда. Буга чейин аталган көчөнүн түндүк тарабында Ибраимовдон Жаш Гвардияга чейин веложол уюштурулган.

 

Бул жерге унааларды коюуга болбойт, тиешелүү жол белгилери орнотулган. Ага карабастан айдоочулар машинелерин таштап кетишүүдө.

 

Эми эвакуацияланган унаа ээлери айып пул төлөшү керек. Сумма 2 миң 350 сомду түзөт.