Кыргызстанда шаардык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 18-октябрда, айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлерди каттоо 28-октябрь күнү аягына чыгат. Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды 17-ноябрга белгиленген шайлоого активдүү катышууга чакырат.
“Шайлоочуларды шайлоого активдүү катышууга, ал эми талапкерлер менен партиянын өкүлдөрүн таза, конкуренттик шайлоо өткөрүүгө үндөйбүз”, — деди Боршайкомдун мүчөсү Узарбек Жылкыбаев.
Кошумчаласак, шайлоонун жыйынтыгы 20 күндүн ичинде, тагыраагы 8-декабрга чейин жарыяланат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.