Ленин округунан депутат шайлоо учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт

Ленин бир мандаттуу округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, аталган район боюнча жалпы 51 тилкеде ИИМ кызматкерлери тарабынан координациялоочу жумуштар жүргүзүлөт.

 

Эске салсак, Бишкектин Ленин районунан парламент депутатын шайлоо ушул жекшемби, 28-майда өтөт. Ага 30 талапкер катышууда.