Майыптыгы барларды ишке орноштуруу боюнча мобилдик тиркеме ишке кирди

Майыптыгы барларды ишке орноштуруу боюнча мобилдик тиркеме ишке кирди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

 

“Теңиште” тиркемеси жумуш издөөчүлөр менен жумуш берүүчүлөр үчүн маанилүү курал катары кызмат кылат деп күтүлүүдө.

 

Белгиленгендей, өлкөдө майыптыгы бар 216 миңден ашуун адам катталган, алардын 29 миңге жакыны экономикалык иш менен алектене алат. Быйылкы жылга майыптыгы бар адамдар үчүн 1 миң 400дөй квота бекитилген.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.