Ош шаарында окуучулар үчүн акысыз автобустар жүрүп баштады. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, балдарды ташуучу коомдук транспорт күнүнө 3 ирет — эртең менен, түштө жана кечкисин жүрөт.
№1 автобус Исанов көчөсүнөн Салиевага чейин, №2 автобус Тээке айылынан шаар аралап Төлөйкөн айылына чейин барат. Ал эми №3 автобус ДЭУ-21ден Курманжан Датка көчөсүнө чейин каттайт.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.