Мамлекеттик оорукананын жетекчилерин менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталды

Мамлекеттик оорукананын башкы дарыгерлерин жана орун басарларын менчик клиникаларда иштөөгө тыюу салуу сунушталууда. Буга байланыштуу «Саламаттыгын сактоо жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүү парламенттин Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында биринчи окууда жактырылды.

 

Мыйзам долбоору Кыргызстандын жарандарына ишенимдүү жана сапаттуу медициналык жардамды камсыз кылуу максатында сунушталып жатканы белгиленди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.