Бишкекте жаңы перинаталдык борбор ачылды

Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда перинаталдык борбор ачылды. Саламаттык сактоо министрлиги борбор дүйнөлүк стандарттарды эске алуу менен курулуп, заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылганын билдирди.

 

Маалыматка ылайык, объект 203 койкага ылайыкташкан. Курулуш иштери Германия өнүктүрүү банкынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлгөн.

 

Бул жерде кош бойлуу кезинде патологиясы бар аялдарга жана майыптыгы менен төрөлгөн балдарга медициналык жардам көрсөтүлөт.