Саламаттык сактоо министрлиги Индиянын «Кендрия Бхандар» компаниясы менен медициналык буюмдар жана жабдуулар тармагында кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту. Ведомстводон маалымдашкандай, иш-чара видеоконференция аркылуу өткөн.
Анын жүрүшүндө министр Алымкадыр Бейшеналиев өлкөнү дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыз кылууда «Кендрия Бхандар» компаниясынын салымын баса белгиледи.