Ошто милиция кызматкерлерине 25 унаанын ачкычы тапшырылды

Ошто милиция кызматкерлерине 25 унаанын ачкычы тапшырылды. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага министр Улан Ниязбеков баштаган жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты.

 

Анда коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн эң алгач кызматкерлерге мыкты шарттар жана заманбап мүмкүнчүлүктөр түзүлүшү керектиги белгиленди.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.