Айлык акыны накталай төлөгөндөргө айып салуу сунушталууда

Экономика жана коммерция министрлиги айлык акыны накталай төлөгөн юридикалык жактарга айып салууну сунуштоодо. Тиешелүү өзгөртүүлөр парламенттин талкуусуна коюлду.

 

Мыйзамга ылайык, форс-мажордук, өзгөчө абал же өзгөчө кырдаалдар, ошондой эле иштин айрым түрлөрү же өлкөнүн айрым аймактарында болгон учурлардан тышкары, эмгек акы накталай эмес формада төлөнөт.

 

Болбосо 5 миң сом айып салынышы мүмкүн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.