Кыргызстанга мигранттардан келген каражат көбөйүүдө

Кыргызстанга мигранттардан келген каражат көбөйүүдө. Улуттук банктан билдиришкендей, сентябрь айында өлкөгө 174 миллион доллар келген. Бул августтагы көрсөткүчкө караганда 18,5 миллион долларга көп.

 

Каражаттын басымдуусу Россиядагы мигранттардан жеке которулган. АКШдан дээрлик 3 млн доллар, калган бардык өлкөлөрдү кошкондо 8,5 млн доллардан көп жиберилген.