Ашыкча жүк менен жолго чыккан айдоочуларды текшерүү башталды

Кыргызстанда ашыкча жүк менен жолго чыккан айдоочуларды текшерүү башталды.

 

Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, рейддик иш-чаралар 7-октябрга чейин уланат. Ага ылайык, ашыкча жүк жүктөп алып, асфальт жолго чыккан айдоочуларга тийиштүү протоколдор түзүлүп, айып пулдар салынат.

 

Транспорттук көзөмөл салынган жолдордун сапатын сактоо, талкалоого жол бербөө максатында күчөтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.