Астанада бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды

Астанада бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары старт алды. 13-сентябрга чейин өтө турган мелдештерге 80ден ашуун өлкөдөн 3 миңдей спортчу катышат. Кыргызстандан 253 спортчу жөнөтүлдү. Алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашат.

 

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 медаль топтому ойнотулат. Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.