Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияга директор болду

Президент Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Азамат Юсупов мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында 10-сентябрда жазылды.

Буга чейин ал Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары болчу.

Аталган мекеме 30-августта “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарып, кызуу талкууга түшкөн.

Мекеме азыркы мыйзам 2008-жылы кабыл алынганын, ал заман талабына жооп бербей калганын жүйө келтирген.

5-сентябрда президент Садыр Жапаров тиешелүү жетекчилер менен кеңешме өткөрүп, жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган вариантын Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечими кабыл алынган. Президент долбоорго сунуштарды берүүгө тараптарды чакырган. Макулдашылган долбоордун мазмуну жарыялана элек.

Президенттин маалымат кызматы Дин иштери боюнча комиссиянын мурдагы директору Тойгонбай Абдыкаровдун кызматтан кеткенин 6-сентябрда жарыялаган. Ал өзүнүн арызынын негизинде бошотулганы тууралуу кабар тараткан.

Кыргызстанда жалпысынан 3,5 миңден ашуун диний уюм каттоодон өткөн. Өлкөдө 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, 10 ислам институту бар. Христиан багытындагы уюмдардын саны — 399, калгандары башка диндерге таандык.