Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эми суу ресурстары, айыл чарба министринин да милдетин аткармай болду

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев эми суу ресурстары, айыл чарба министринин да милдетин аткармай болду.

 

Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

 

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон. Эми Төрөбаевдин талапкерлигин Жогорку Кеңеш бекитип бериши керек. Эскерте кетсек, буга чейин аталган кызматты ээлеп келген Аскарбек Жаныбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ишинен бошотулган.