Мурдагы Эмгек министри жаңы кызматка дайындалды

Мурдагы Эмгек министри Кудайберген Базарбаев Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалды.

 

Тиешелүү жарлыкка президент кол койду. Ал эми ведомствонун буга чейинки жетекчиси Улан Карыпбеков ээлеген кызматынан бошотулду.