Баткен облусунда мөмө-жемишти кайра иштетүү боюнча эки муниципалдык цех пайда болот

Баткен облусунда мөмө-жемишти кайра иштетүү боюнча эки муниципалдык цех пайда болот. Жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, Ак-Татыр айылындагы объекттин сметалык баасы 22 миллион сомду түзөт.

 

Ишкана суткасына 8 тоннага чейин мөмөнү кайра иштетип, кургатып, таңгактай алат. Андан тышкары, Дара айылында логистикалык борбор курулууда, анда вакуум муздаткычы бар. Объектилер ушул жылы ачылат деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.