Бишкек – Нячанг чартердик каттамы 30-октябрдан тарта ачылат

Бишкек – Нячанг чартердик каттамы 30-октябрдан тарта ачылат. Бул тууралуу novosti.kgге “Манас” аэропортунун басма-сөз кызматынан билдиришти. Рейстер 30-мартка чейин аткарылат деп пландалууда.

 

Учурда Вьетнам менен каттамды ишке ашыруу боюнча макулдашуу, учуу убактысын тактоо иштери жүрүп жатат.

 

Белгилеп кетсек, учурда эки шаарды бириктирген түз аба каттамы жок, кыргызстандыктар Нячанг калаасына Алмата аркылуу учат.