Боом капчыгайында 2 автоматтык станция жана кошумча датчиктер орнотулууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, атайын жабдуу аба-ырайына үзгүлтүксүз байкоо жүргүзүүгө жана температура, нымдуулук, басым жана жаан-чачын сыяктуу көрсөткүчтөрдүн так маалыматын алууга мүмкүнчүлүк берет.
Бул өз кезегинде сел жүрүү коркунучун так божомолдоого шарт түзөт.