Россиянын «кара тизмесинен» 47 миң кыргызстандык чыгарылды

Россияга баруу үчүн 47 миңдей кыргызстандык “кара тизмеден” чыгарылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди.

Анын айтымында, буга чейин бул маселе боюнча эки өлкөнүн президенттери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Натыйжада жарандар Россияга кайтып бара алышат.

Көбүнчө алар майда-чүйдө мыйзамдарды бузгандар болгон.

Белгилеп кетсек, жети миллион калкы бар Кыргызстандын 1,5 миллиондой жараны учурда чет мамлекеттерде эмгек мигранты болуп жүрөт.