Баткен облусунун Кадамжай районунда сел коркунучунан коргоо чаралары жүрүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районунда сел коркунучунан коргоо чаралары жүрүүдө. Өзгөчө кырдаалдар мингистрлигинен билдиришкендей, учурда Орозбеков айыл аймагындагы Таш-Булак сел өткөрүүчү сайында экскаватор менен 200 метр аралыкта механикалык тазалоо жумуштары башталды.

 

Жыйынтыгында 41 турак үй, 5 гектар айдоо талаалары, 3,5 чакырым ички чарбалык жол жана мектеп сел коркунучунан коргоого алынат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.