Бишкектеги жол түйүндөрүн курууга 4 миллиард 600 миллион сом багытталат

Бишкектеги жол түйүндөрүн курууга 4 миллиард 600 миллион сом багытталат. Анын 1,5 миллиард сому жергиликтүү бюджеттен бөлүнсө, 3 миллиарддан ашыгын Кытай тартуулайт.

 

Мындай маалымат ордо калааны социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планында камтылат. Белгилеп кетсек, жол түйүндөрүн куруу 3 этап менен ишке ашат. Иштер толугу менен 2026-жылы аяктайт деп пландалууда.