Түркия: кырсыкка кабылган кыргызстандык учкучтардын биринин сөөгү табылды

Түркияда учак кырсыгына кабылган кыргызстандык учкучтардын биринин сөөгү табылды, калган дагы эки кишини издөө иштери уланып жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиянын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугуна таянып «Азаттык» жазды.

 

Маалыматка ылайык, тик учакты башкарып бараткан кыргызстандыктардын экөө учкуч, бирөө бортмеханик болгон, алар менен кошо бир түркиялык жаран да учуп бараткан. Учкучтардын бири чөгүп бараткан тик учактан өз алдынча чыгып, жээкке сүзүп барган. Калган үчөөнү издөө иштери уланып жатканы маалымдалган.

 

Аман калган учкуч ооруканада жатат, анын абалы туруктуу экени кабарланды.

 

Өрт өчүрүүгө тартылган тик учак боюнча алгачкы маалыматында Башкы консулдук окуя 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө Мендерес аймагында (Измирге жакын жергесинде) болгонун, токой өртүн өчүрүүгө катышкан тик учак Тахтали дамбасына кулап түшкөнүн билдирген.

 

Кыргыз жарандары ал жакта учкуч кызматында келишимдик негизде иштеп жүрүшкөнү айтылган.