Кыргызстандын аймагында жарандар жылынуучу түйүндөр уюштурулду.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Унаа жолдордо каттамдар жабылганда же чектөөлөр киргизилгенде жүргүнчүлөргө кам көрүү максатында Бишкек – Ош жолундагы Арал, Сосновка постторунда, Өтмөк ашуусуна жакын жайгашкан Осмонкулов айыл аймагында жана Бишкек – Токмок жолунун боюндагы Кант шаарында жылынуучу, тамактануучу пункттар иштеп жатат.