Бишкектин Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башчысы болуп Уланбек Бейшенбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка мэр Айбек Жунушалиев кол койду.
Ал эми департаменттин буга чейинки директору Улан Уезбаев берген арызына ылайык, ээлеген кызматынан бошотулду.