Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда эки тилкени бөлүүчү тосмолор орнотулат. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, алар трассанын 38-чакырымында пайда болуп, 6 чакырымга созулат.
Учурда мамыларды орнотуу иштери жүрүүдө. Темир конструкциялар карама каршы келе жаткан унаалардын сүзүшүүсүн алдын алуу максатында орнотулат.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.