Төө-Ашууда кар жаап жатат

Төө-Ашууда кар жаап жатат. Бишкек – Ош трассасы менен сапарга чыга турган айдоочуларга сөзсүз түрдө дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштыруу сунушталат.

 

Ошондой эле бул багытта жолго чыккандар аварияларды алдын алуу максатында эрежелерди так сактап, унаалар ортосундагы 500 метрлик аралыкты карманышы керек.