Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, учурда иштер Казарман – Жалал-Абад тилкесинде жүрүп жатат.
Бул жерде куруучулар Көк-Арт ашуусу аркылуу туннель салууда.
Бул участоктогу жумуштар кийинки жылы аяктайт деп пландалууда. Эске салсак, түндүк менен түштүктү байланыштырган альтернативалык трассанын жалпы узундугу 430 чакырымдан ашат.