Бүгүн жана эртең Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет

Бүгүн жана эртең Балыкчы-Чолпон-Ата жолунда унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

 

Ысык-Көлдө Борбор Азия мамлекет башчыларынын жана Евробиримдиктин төрагасы Шарль Мишелдин жолугушуусу өтүүдө. Буга байланыштуу, чет элдик делегаттарды тосуп алуу жана коштоп жүрүү учурунда Балыкчы-Чолпон-Ата унаа жолуна маал-маалы менен чектөө киргизилип турат.