Бишкек шаарында жолдорду капиталдык оңдоо иштери уланууда.
Муниципалитеттен билдиришкендей, 10-августта Горький көчөсүнүн Кунанбаев көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат.
Ал эми 11-августта Юнусалиев көчөсүнүн Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү тосулат. Буга байланыштуу №102, 162, 175, 212 автобустук каттамдарынын схемалары убактылуу өзгөртүлдү.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.