Мартта кыргызстандыктар катары менен 4 күн эс алат

Мартта кыргызстандыктар катары менен 4 күн эс алат. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, 8-март шаршембиде Эл аралык аялдар күнү катары дем алыш белгиленди.

 

Ал эми Нооруз майрамына карата 18-марттан 21-мартка чейин эс алуу жарыяланат. 20-март дүйшөмбү 29-апрелге жылдырылды. Эске салсак, 11-март жана 25-марттагы ишембилерде кыргызстандыктар жумушка чыгат, анткени бул күндөргө январдагы иш күндөр жылдырылган болчу.