“Кыргыз почтасы” Кыргызстан аэропортторунда товарлар үчүн атайын аймак түзүү ниетинде. Бул тууралуу мамлекеттик ишкананын жетекчиси Марат Черикчиев билдирди.
Анын айтымында, биринчи сактоочу жай “Манас” аэропортунда, экинчиси – Ош аба майданында, үчүнчүсү – Тамчыда жана дагы бирөө Караколдо жайгашат.
Белгилеп кетсек, бонд аймагы – электрондук коммерция товарларын кабыл алууга, каттоого, сорттоого жана сактоого ылайыкталган жай. Мындай аймактардын болушу менен товарларды гана импорттобостон, Кыргызстандан товарды дүйнөнүн бардык тарабына экспорттоо мүмкүнчүлүгү пайда болот.