Өлкөдөгү 150дөй айылга өзгөчө макам берилет.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, мындай демилге мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, мамлекеттик чек араны бекемдөө, чек ара аймактарындагы маселелерди чечүү, социалдык-экономикалык өнүгүүгө дем берүү, чек ара аймактарында жашаган калктын турмуш шартын жакшыртуу максатын көздөйт.
Андан тышкары, аракеттер чек ара аймактарындагы калктын арасында ички миграцияны токтотууга багытталат.