Бишкекте айрым коомдук транспорттун кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди

Бишкекте айрым коомдук транспорттун кыймылына өзгөртүүлөр киргизилди. Мэриядан билдиришкендей, бүгүнтөн тарта №8 троллейбустук каттам кыймылын жарым-жартылай өзгөртүү менен ишин жандантты. Аталган троллейбус Ак-Өргө конушунан Мамлекеттик циркке чейин каттайт.

 

Ошондой эле №4 автобустук каттамдын акыркы аялдамасы Келечек жаңы конушуна чейин узартылды. Ал эми оңдоо иштерине байланыштуу №7 троллейбустук каттам убактылуу жабылат.

 

Мындан тышкары, маршруттук тармакты оптималдаштыруу максатында №222 автобустук каттамдын кыймыл схемасы жарым-жартылай өзгөртүлдү.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.