Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү 14-сентябрда унаа кыймылына ачылат

Бишкекте Юнусалиев көчөсүнүн бир бөлүгү 14-сентябрда унаа кыймылына ачылат. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Сүйөркулов көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат. Бул тилкеде капиталдык оңдоо иштери аяктап калды.

 

Белгилеп кетсек, Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүн оңдоо уланууда. Иштердин алкагында асфальт катмарын жаңылоо, бордюрларды алмаштыруу, айрым тилкелерди кеңейтүү, коммуникациялык чубалгыларды жер астынан алып өтүү боюнча жумуштар аткарылып жатат.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.