Каракол – Эңилчек унаа жолуна кар көчкү түшүп, каттам жабылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар массасы жолдун 82-112-чакырымдарына түшкөн.
Жеринде катуу бороон болуп, көрүү начар болгондугуна байланыштуу тазалоо иштери убактылуу токтотулду. Каракол – Эңилчек унаа жолу учурда жабык. Айдоочуларга аталган каттам менен сапарга чыкпай туруу сунушталат.