Өлкөнүн айрым жолдору унаа кыймылына чектелди.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, аба-ырайынын катаал шарттарына байланыштуу, Каракол – Эңилчек унаа жолунун 38-чакырымынан 95-чакырымына чейинки тилкеси жана Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу трассасынын 45-130-чакырымдары жабык.
Айдоочуларга аталган каттамдар менен сапарга чыкпай туруу сунушталат.