Бишкек шаарынын аймагында мыйзамсыз жүргөн 42 адам аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, виза мөөнөтү өтүп кеткени аныкталгандар Бангладеш жана Пакистандын жарандары.
Тартип бузгандар тиешелүү административдик жоопкерчиликке тартуу жана депортациялоо үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилди.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.